ДКО: стадионго эмнелерди алып кирүүгө болбойт
29 август

ДКО: стадионго эмнелерди алып кирүүгө болбойт

2026-жылдын 31-августунда «Бишкек Аренада» өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде коноктордун коопсуздугун камсыз кылуу максатында төмөнкү эрежелерди сактоону суранабыз.

Стадиондун аймагына төмөнкүлөрдү алып кирүүгө тыюу салынат:

  • тамеки буюмдары, тамеки ысытуучу тутумдар, анын ичинде IQOS жана анын аналогдору, электрондук тамекилер жана никотин камтыган башка продукциялар;

  • сагыз;

  • айнек бөтөлкөлөр, банкалар, термостор жана башка катуу, сынуучу же потенциалдуу кооптуу идиштер;

  • алдын ала макулдашылбаган кесиптик фото- жана видеокамералар, дрондор жана фото- жана видеого тартуу үчүн арналган башка кесиптик жабдуулар;

  • чоң сумкалар, рюкзактар, чемодандар жана көлөмдүү жүк;

  • тамак-аш жана суусундуктар;

  • курал-жарак, сайуучу, кесүүчү жана башка потенциалдуу кооптуу буюмдар;

  • аэрозолдук жана газ баллондору, ошондой эле башка уулуу же зыяндуу заттар;

  • тез тутануучу заттар жана суюктуктар;

  • пиротехникалык каражаттар, фейерверктер, түтүн шашкалары жана сигналдык каражаттар;

  • тиешелүү уруксатсыз радиостанциялар жана жогорку жыштыктагы байланыш үчүн колдонулуучу башка жабдуулар;

  • музыкалык аспаптар, ышкырыктар, мегафондор жана жогорку деңгээлде ызы-чуу жаратуучу башка түзүлүштөр.

Бардык тыюу салынган буюмдар алынат жана стадиондун аймагына киргизилбейт.

Эрежелер менен алдын ала таанышып, тыюу салынган буюмдарды өзүңүз менен алып келбөөнү суранабыз. Бул иш-чарага келген бардык коноктор үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жардам берет.