Кыргызстанда 1-октябрдан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 20%га көбөйөт
Сүрөт ачык булактардан алынды
5 август

Кыргызстанда 1-октябрдан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 20%га көбөйөт

2026-жылдын 1-октябрынан тарта Кыргызстанда пенсиялар кезектеги жолу индексацияланат. Камсыздандыруу бөлүгү 20%га көбөйтүлөт. Бул тууралуу журналисттерге Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.

Анын айтымында, жогорулатуу киргизилгенден кийин пенсиянын минималдуу өлчөмү 8 миң 800 сомду түзөт.

Индексация пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүнө гана эсептелет. Республикалык бюджеттен төлөнүүчү базалык бөлүк жогорулатуу учурунда эске алынбайт.

Мисалы, пенсиянын жалпы көлөмү 13 миң 170 сом болсо, анын 3 миң 170 сому базалык бөлүккө, ал эми 10 миң сому камсыздандыруу бөлүгүнө туура келет.

Камсыздандыруу бөлүгү 20%га көбөйтүлгөндө, пенсияга кошулган сумма 2 миң сомду түзөт.

Эгер камсыздандыруу бөлүгү 15 миң сом болсо, төлөм 3 миң сомго көбөйөт. Ал эми камсыздандыруу бөлүгү 20 миң сомду түзгөн учурда, кошумча төлөм 4 миң сом болот.

Социалдык фонддун жетекчиси белгилегендей, ушул формула аркылуу пенсионерлер 1-октябрдан тарта пенсиясы канчага көбөйөрүн өз алдынча эсептей алышат.