Бишкектеги Бакыт үйүнүн айланасын жакшыртылды
3 октябрь

Бишкектеги Бакыт үйүнүн айланасын жакшыртылды

Бишкектеги Бакыт өргөөсүнүн айланасын жакшыртуу иштери аяктады, деп билдирет мэриянын маалымат кызматы. 

Маалыматка ылайык, жарыктандыруу жүргүзүлүп, гүлзарлар жаңыртылды жана имараттын бардык гранит бөлүгү тазаланды, ошондой эле имараттын алдындагы фонтан оңдолуп, жаңыланды.

Аны менен бирге жашыл аянт уюштурулуп, отургучтар орнотулуп, сарайдын короосуна таман таш төшөлүп, скверди автоматтык түрдө сугаруу системасы орнотулган.

"Мурда бул аймак таштандыга толуп, бош болчу", - деп айтылат маалыматта. 

Мэриядан кошумчалашкандай, иш ушул жылдын июль айынын башында демөөрчүлүк каражаттын эсебинен башталган.