Кемелова Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту
Кыргызстандын президентинин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттерди ишке ашыруу боюнча Атайын өкүлү Динара Кемелованын Тажикстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Назирмад Ализода менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тоолорду туруктуу өнүктүрүү, мөңгүлөр жана суу маселелери боюнча эл аралык демилгелер талкууланды.
Динара Кемелова Тажикстандын суу боюнча демилгелерине оң баа берип, Кыргыз Республикасынын БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын (БУУКАК) алкагындагы тоо демилгелери тууралуу айтып, тоолуу аймактар климатка эң аялуу экенин, анын ичинде Кыргызстандын жана Тажикстандын да тоолуу жамааттарына жана экосистемаларына тиешелүү экендигин белгиледи.
Тараптар тоо демилгелерин илгерилетүү, мөңгүлөрдү сактоо жана мөңгүлөрдүн эриши, тоолордогу табигый кырсыктар, биоартүрдүүлүктүн жоголушу, тоолуу жайыттардын деградациясы, климаттын өзгөрүшүнүн тоолуу аймактарга терс таасирлери ж.б. ушул сыяктуу тоолуу өлкөлөрдүн көйгөйлөрүнө дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруу үчүн БУУнун, БУУКАКтын жана башка эл аралык платформалардын алкагында активдүү өз ара аракеттенүү ниетин билдиришти.