УКМК кызматкерине $20 миң пара берүүгө аракет кылган айыл өкмөт башчысы кармалды
3 октябрь

УКМК кызматкерине $20 миң пара берүүгө аракет кылган айыл өкмөт башчысы кармалды

УКМК кызматкерине пара берүүгө аракет кылган Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай айыл аймагынын башчысы кармалды, деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Савай айыл аймагынын азыркы жетекчиси К.М.К., буга чейин Жаңы-Арык айыл аймагынын башчысы болуп, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Жаңы-Арык айылынын аймагындагы жеке турак жай куруу жана коммерциялык багыттагы жер участокторун жасалма адамдарга мыйзамсыз жол-жоболоштурган.

Мындан улам аталган жетекчи кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу үчүн анын пайдасына оң чечим чыгаруу максатында УКМК кызматкерине 20 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара сунуштаган.

Кармалган жаран КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди, тергөө иштери жүрүүдө.