Бишкекте онкологиялык дартты жеңген кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү өтөт
13 июль

Бишкекте онкологиялык дартты жеңген кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү өтөт

15-июлда Бишкектеги И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Э.Ж.Маанаев атындагы тарых жана башкаруу институту «Кыргызстандын материалдык жана материалдык эмес маданий мурастарын сактоо» аттуу иш-чара өткөрөт.

Аталган институттан билдиришкендей, иш чаранын максаты – Кыргызстандын материалдык жана материалдык эмес маданий мурастарын сактоо жана даңктоо, элдик кол өнөрчүлүктү колдоо, келечек муунга кыргыз элинин материалдык эмес маданий мурастарын өткөрүү, оозеки салттарды алып жүрүүчүлөрдү колдоо, маданий диалогду бекемдөө, уникалдуу искусство болгон “Манас” эпосунун аткарылышын көрсөтүү.

Уюштуруучулардын айтымында, иш-чарага белгилүү манасчылар, төкмө акындар, элдик жамакчылар, кол өнөрчүлөр катышат.

Боз үй тигилип, кыргыздын салттуу дүйнөсү чагылдырылат жана кол өнөрчүлүк көргөзмөсү болуп, мастер-класстар өткөрүлөт.

Андан сырткары улуттук тамактар тартууланат.

“Өзгөчө орунду элдик кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү ээлейт. Катышуучулардын арасында онкологиялык дарттарды жеңген жана туруктуу ремиссияга чыккан кол өнөрчүлөр бар. Алар өз колдору менен жасаган автордук буюмдарын көрсөтүшөт. Алардын катышуусу – күчтүү эрктин, жаратуучулуктун жана Кыргызстандын материалдык эмес маданий мурасын сактоонун үлгүсү болуп саналат”, – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, иш-чара И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин имаратында саат 10.00дөн 12.00гө чейин өткөрүлөт.