Бишкектеги бала бакчада Мамлекеттик тил күнүнө арналган иш-чара өттү
Бишкек мэриясы
23 сентябрь

Бишкектеги бала бакчада Мамлекеттик тил күнүнө арналган иш-чара өттү

Бишкек шаарындагы №11 «Баластан» балдар бакчасында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө арналган майрамдык иш-чара өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин директору Жаныбек Орозалиев, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери жана тарбиялануучулардын ата-энелери катышты.

Бала бакчанын тарбиялануучулары «Тоолуктардын тоо бийи» жана «Көчмөндөр оюну» аттуу улуттук бийлерди тартуулашып, «Алга Кыргызстан» ырын аткарышты. Ошондой эле манасчы менен биргеликте «Манас айтуу», көркөм окуу боюнча өнөрлөрүн тартуулашты.

Программанын өзүнчө бөлүгү кыргыз элинин улуттук салттарына арналды. Конокторго тарбиячынын жетекчилиги астында тарбиялануучулардын катышуусунда даярдалган «Улуттун көркү – улуттук кийим» аттуу этно-мода коллекциясы тартууланды.

Иш-чара баланын келечегине ак тилек жана бакубат жашоо каалоону символдоштурган «Тушоо кесүү» салты менен жыйынтыкталды.

Мындай иш-чаралар балдардын мамлекеттик тилге, улуттук маданиятка жана кыргыз элинин салт-санаасына болгон урмат-сыйын калыптандырууга өбөлгө түзөт.