Садыр Жапаров БУУда Ысык-Көлдү сактоо үчүн трасттык фондун түзүүгө чакырды
президенттин администрациясы
23 сентябрь

Садыр Жапаров БУУда Ысык-Көлдү сактоо үчүн трасттык фондун түзүүгө чакырды

Президент Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмун, эл аралык каржы институттарын жана донор өлкөлөрдү Кыргызстандын демилгесин колдоп, Уюмдун алдында Ысык-Көлдү сактоо боюнча атайын биргелешкен трасттык фондун түзүүгө расмий түрдө чакырды.

Мамлекет башчысы ниеттерибизди конкреттүү иштер менен көрсөтүү үчүн мамлекеттик бюджеттен фондго 10 миллион АКШ долларын салууга даярбыз деди.

"Биздин маданиятыбызда "Аманат" деген түшүнүк бар. Бул ата-бабаларыбыз бизге мураска калтырган нерсени көздүн карегиндей сактап, келечек муундарга өткөрүп берүү милдети.

Андыктан, Ысык-Көл - бул биздин жалпы климаттык аманатыбыз десек туура болот. Биз сиздерден жардам сурап жаткан жокпуз.

Биз Жер планетасынын бул уникалдуу жаратылыш ресурсун сактап калуу үчүн Биргелешкен глобалдык өнөктөштүктү сунуштап жатабыз.

Кеч болуп калганга чейин, келгиле, бардыгыбыз күч-аракетибизди жана ресурстарыбызды аталган трасттык фонддун алкагында бириктирели", - деди ал.