Кыргызстанда “Коопсуз өлкө” долбоорунун алкагында заманбап видеокөзөмөл системалары активдүү колдонулууда
8 июнь

Кыргызстанда “Коопсуз өлкө” долбоорунун алкагында заманбап видеокөзөмөл системалары активдүү колдонулууда

Ички иштер министрлиги коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана жол кыймылын көзөмөлдөө максатында заманбап санарип технологияларды активдүү колдонууда.

Ведомстводон кабарлашкандай, “Коопсуз өлкө” долбоорунун алкагында өлкөнүн негизги автоунаа жолдоруна интеллектуалдык видеокөзөмөл камералары, аппараттык-программалык комплекстер жана мобилдик көзөмөл системалары этап-этабы менен орнотулуп, ишке берилүүдө.

Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын аймагында, ошондой эле Бишкек-Кордай, Бишкек-Нарын-Торугарт, Бишкек-Балыкчы-Чолпон-Ата-Каракол жана Бишкек-Ош автоунаа жолдорунун айрым тилкелеринде заманбап көзөмөл системалары туруктуу негизде иштеп жатат.

Жол кыймылын көзөмөлдөөдө “Автоураган” мобилдик комплекстери, аппараттык-программалык жабдуулар колдонулуп, ылдамдыкты ашыруу, каршы тилкеге чыгуу, жол белгилеринин талаптарын аткарбоо жана башка укук бузуулар автоматтык түрдө аныкталууда.

Мындай санариптик чечимдер жол кырсыктарын азайтууга, айдоочулардын жоопкерчилигин жогорулатууга жана коомдук коопсуздукту чыңдоого багытталган.