Кыргызстанда аялдардын саны эркектерге караганда 76 миңге көп
Кыргызстанда аялдардын саны эркектерге караганда 76 миңге көп. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, республиканын калкынын саны 2026-жылдын башына карата 7 млн. 404 миң адамды түздү.
Мында шаар калкынын үлүшү 41,7%дан 42,3%га чейин көбөйгөн, ал эми айыл калкынын үлүшү төмөндөп, 57,7%ды түздү. 2025-жылы калктын санынын өсүү темпи мурунку жылдагыдай эле деңгээлде калып, 1,7%ды түздү.
Калктын өсүү көрсөткүчү эң жогору Бишкек жана Ош шаарларында (тиешелүүлүгүнө жараша 2,8% жана 2,6%) жана Баткен облусунда (1,8%) белгиленди. Ал эми эң төмөнкү көрсөткүч Ысык-Көл жана Нарын облустарында (тиешелүүлүгүнө жараша 0,8% жана 0,4%) катталды.
2025-жылы республиканын калкы үчүн жалпы мүнөздүү болгондой эле, аялдардын саны эркектердин санынан көп болгон абал сакталды.
2026-жылдын башына карата эркектердин саны 3 млн. 664 миң адамды (49,5%), аялдардыкы – 3 млн. 740 миңди (50,5%) түздү. Бирок төрөлүү деңгээли жогору болгон аймактарда (Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын жана Талас облустарында) эркектердин саны аялдардын санынан ашат.
