Улукбек Марипов Падыша Салман атындагы Гуманитардык жардам борборунун жетекчиси менен жолукту
2025-жылдын 1-сентябрында Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышалыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Улукбек Марипов Падыша Салман атындагы Гуманитардык жардам жана колдоо көрсөтүү борборунун (KSrelief) Башкы директору доктор Абдулла Аль-Рабиа менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Элчи Борбордун Кыргызстанга көрсөткөн өзгөчө көңүл буруусу жана 2024-жылдын ноябрында Бишкекте саудиялык кардиохирургдар тарабынан ийгиликтүү өткөрүлгөн гуманитардык миссиясы үчүн ыраазычылык билдирди. У.Марипов кыргыз-саудий кызматташтыгын бекемдөө боюнча көрүлүп жаткан чаралар жана пландалып жаткан биргелешкен демилгелер тууралуу кыскача маалымат берди.
У.Марипов Кыргызстанда ири балдар реабилитациялоо борборун куруу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштап, аталган борбордун жетекчисин өлкөгө чакырды.
Доктор Аль-Рабиа эки тараптуу кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгилеп, аталган борборду куруу демилгесин кароого даяр экенин билдирди жана кыргыз-саудий биргелешкен медициналык окутуу тренингдерин өткөрүү сунушун айтты. Ошондой эле ал Кыргызстанга сапар менен барууга кызыкдар экенин тастыктады.
