Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолундагы тирөөч дубалдар бетондолууда
Транспорт министрлиги
8 июнь

Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолундагы тирөөч дубалдар бетондолууда

Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун 126,0–134,0 чакырым аралыгында реконструкциялоо иштери активдүү жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Жолдун оң тарабындагы 126-134-чакырымга чейинки тилкеде биринчи катмардагы асфальт-бетон төшөө иштери толук аяктады.

Сол тарабында 126-127+500-чакырымга чейинки аралыкка асфальт төшөлдү.

Мындан сырткары, 126-131-чакырымга чейинки бөлүктө жолдун негизин даярдоо иштери аткарылып, учурда праймкодго даярдык көрүлүүдө.

Долбоордун алкагында жолдун инженердик курулмаларын куруу иштери да параллелдүү жүрүүдө. Тактап айтканда, 140+224-чакырымында (Каракол багыты боюнча №2 участокто) оң жана сол тараптагы арматураланган темир-бетон тирөөч дубалдарын бетондоо иштери бүттү.

Учурда аталган тилкеде тирөөч курулмаларынын негизги бөлүгүн бетондоо, 135+275-чакырымында оң тарапка арматураланган темир-бетон тирөөч дубалдарын бетондоо иштери жүрүүдө.