Каракол шаарында атайын техникаларды сатып алууда мыйзам бузуулар аныкталды
Каракол шаарынын прокуратурасы тарабынан бюджеттик каражаттардын сарпталышы боюнча Каракол шаарынын мэриясында жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө, мэриянын муктаждыктары үчүн республикалык бюджеттен бөлүнгөн 329 миллион 700 миң сом каражатка 31 даана атайын техника сатылып алынганы аныкталган. Бирок алардын бир бөлүгү белгиленген ченемдерге жана техникалык талаптарга жооп бербестиги аныкталган.
Тактап айтканда, 5 таштанды ташуучу унаада, 3 өзү түшүрүүчү жүк ташуучу унаада жана 2 жол тазалоочу унаада техникалык кемчиликтер аныкталып, анын кесепетинен мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.
Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен кылмыш иши козголуп, учурда зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Тергөөнүн жүрүшү прокуратуранын көзөмөлүндө.
