Ошто тынчтыкка чакырган жаранды токмоктогондор аныкталды
Ошто тынчтыкка чакырган жаранды токмоктогон жарандар аныкталды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан кабарлашты.
Окуя 4-августта эрте менен саат 05:00 чамаларында болгон.
Тергөө кызматынын алгачкы маалыматына караганда, айланага тынчтык бербей отурган жаштарды жолдо өтүп бараткан 1969-жылы туулган жаран тынчтыкты сактоого чакырган. Жаштар эскертүүнү туура эмес кабыл алышып, ал жаранга кол көтөрүшкөн.
Ошол күнү бул окуяга тиешеси бар 4 жаран саат 09.00 чамаларында Ош ШИИБ боюнча милициянын кайгуул кызматы тарабынан кармалып, Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Ал эми аларга таандык автомашина айып короосуна киргизилди. Кармалгандардын үчөө 2007-жылы, бирөө 2008-жылы туулгандар.
Ош ШИИБдин Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан бул окуянын активдүү катышуучулары 2007-жылы туулган К Н. жана 2008-жылы туулган А.Б. кечээ 4-августа убактылуу кармоочу жайга 48 саатка киргизилди. Алардын үстүнөн Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 280 беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту менен кылмыш иши козголгон. Эртең Ош шаарынын соту алардын баш коргоо чарасын карайт.
