видеодон алынган кадр
1 июль
Кара-Кулжа районунда катуу сел жүрдү
Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Алайкуу өрөөнүндө нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен катуу сел жүрүп, турак үйлөргө, короо-сарайларга жана чарбаларга зыян келтирди.
Алдын ала маалыматтарга таянсак, сел суусу бир катар аймактарды каптап, ички жолдорго жана инфраструктураны жабыркаткан.
Учурда жеринде тиешелүү мамлекеттик кызматтар иш алып барып, келтирилген чыгымдардын көлөмүн тактоо жана табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүп жатышат.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, мындай күчтүү сел Алайкуу өрөөнүндө буга чейин катталган эмес.
