Аламүдүн дарыясынын жээги бекемделүүдө
видеодон алынган кадр
5 август

Аламүдүн дарыясынын жээги бекемделүүдө

Аламүдүн дарыясынын жээги бекемделүүдө, деп билдирет ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгы.

Жерине эки экскаватор жана бир жүк ташуучу унаа тартылган. 

Эске салсак, 2026-жылдын 2-августунда Бишкек шаарынын Свердлов районунда нөшөрлүү жаандан улам Аламүдүн дарыясынын суусунун деңгээли көтөрүлүп, натыйжада Дордой-2 конушунун 7-көчөсүн суу каптоо коркунучу жаралган.

ӨКМ тарабынан абалды туруктуу көзөмөлдөө жана алдын алуу иш-чаралары үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.