Кыргызстан менен Кипр эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо келечегин талкуулашты
КР ТИМ
8 июнь

Кыргызстан менен Кипр эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо келечегин талкуулашты

Ушул жылдын 8-июнунда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев өлкөбүзгө алгачкы расмий сапар менен келген Кипр Республикасынын тышкы иштер министри Константинос Комбос менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.

Анын жүрүшүндө министр Ж.Кулубаев эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы деңгээлине канааттануусун билдирип, кыргыз тараптын соода-экономикалык, инвестициялык, билим берүү жана маданий-гуманитардык тармактарда өз ара аракеттенүүнү мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экендигин белгиледи.

Туризм тармагындагы эки өлкөнүн жогорку потенциалын эске алуу менен бул багытта тажрыйба алмашууга жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өз ара кызыкдарлык билдирилди.

Мындан тышкары, тараптар Кыргыз Республикасынын 2027–2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышын талкуулашты.

Кипрдин тышкы иштер министри К.Комбос Кыргызстанды бул маанилүү окуя менен куттуктап, алдыдагы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады. Ошондой эле кыргыз тарап Кипр министринин көңүлүн КР Коопсуздук Кеңешиндеги ишмердүүлүгүнүн негизги артыкчылыктуу багыттарына бурду.

Кипр Республикасынын 2026-жылдын биринчи жарымындагы Европа Бирлигиндеги төрагалыгынын алкагында Кыргыз Республикасынын Европа Бирлиги менен кызматташтык маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Тактап айтканда, кыргыз тарап Европа Бирлигинин Кыргызстандагы социалдык-экономикалык реформаларды ишке ашырууга, демократиялык институттарды чыңдоого, адамдык капиталды өнүктүрүүгө жана туруктуу өнүгүү жаатындагы демилгелерди илгерилетүүгө көрсөткөн колдоосуна жогору баа берди.

Ошол эле учурда министр Ж.Кулубаев Европа Бирлигинин санкциялык саясатынын күчөшүнө көңүл буруп, бир тараптуу чектөө чараларынын Кыргызстандын соода-экономикалык жана каржы өнүгүүсүнө мүмкүн болуучу терс таасирине тынчсыздануусун билдирди. Ал эл аралык экономикалык жана коммерциялык байланыштарды саясатташтырууга каршы экендигин белгилеп, өз ара пайдалуу чечимдерди табуу максатында ачык диалог жүргүзүүгө кыргыз тарап даяр экенин баса белгиледи.

Жолугушуунун соңунда ТИМ Башчылары эки тараптуу деңгээлде да, Кыргыз Республикасынын Европа Бирлиги менен өнөктөштүгүнүн алкагында да саясий диалогду жана практикалык өз ара аракеттенүүнү улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы 2027–2028-жылдарга карата Кызматташтык программасына кол коюлду.