Дээрлик 960 миң кыргызстандык аялуу айылдарда жашайт
Сүрөт ачык булактардан алынды
5 август

Дээрлик 960 миң кыргызстандык аялуу айылдарда жашайт

Бийик тоолуу, алыскы жана чек арага жакын, аялуу абалдын ар кандай категорияларына кирген калктуу конуштарда 959 миң 180 адам жашайт.

Мындай маалыматтар 2030-жылга чейин бийик тоолуу жана чек ара аймактарын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын долбооруна киргизилген Аялуулук индексинин алгачкы эсептөөлөрүндө камтылган.

Жалпы сандын ичинен 75,7 миңден ашуун адам өтө аялуу айылдарда жашайт. Дагы 325 миң адам орточо аялуу категориясына кирген аймактарда, 558 миңден ашуун адам шарттуу түрдө аялуу деп эсептелген аймактарда жашайт.

Аялуу аймактарда жашаган калктын эң көп саны Нарын облусуна туура келет – 276,8 миң адам. Баткен облусунда мындай тургундардын саны 271,5 миңди түзөт.

Ош облусунда программа камтыган калктуу конуштарда 154 миң адам, Ысык-Көл облусунда – 117,3 миң адам, Жалал-Абад облусунда – 117,2 миң адам жашайт.

Бул маалыматтарды каржылоону бөлүштүрүүдө, райондук программаларды түзүүдө жана инфраструктуралык долбоорлордун кезектүүлүгүн аныктоодо эске алуу сунушталууда.