Чүй облустук милиция кызматкерлери тарабынан Бишкек-Каинды каттамындагы поездди таш менен урган бейбаштык факты аныкталды
3 сентябрь

Чүй облустук милиция кызматкерлери тарабынан Бишкек-Каинды каттамындагы поездди таш менен урган бейбаштык факты аныкталды

2025-жылдын 31-августа белгисиз адамдар Жайыл районунун аймагынан өтүп бара жаткан поездди таш менен уруп айнегин сындырылганы кабарланган.

Бул факт Жайыл РИИБге катталып, иликтөө иштери башталган. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү алынып ошондой эле видео камералар каралган.

Натыйжада окуяга тиешеси бар жашы жете элек балдар аныкталып, алар Жайыл районунун 2011, 2014 жана 2015-жылы туулган үч өспүрүм экени аныкталган.

Бул иштин алкагында аныкталган өспүрүмдөр Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жоопкерчиликке тартуу курагына жете электигине байланыштуу тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп, өспүрүмдөрдүн жана алардын ата-энелери менен түшүндүрүү иштери өткөрүлүп, эскертүүлөр берилди.

Мындан тышкары, жашы жете элек балдардын ата-энелерине КРнын укук бузуулар жжөнүндө кодексине ылайык протоколдор түзүлөт.

Чүй ОИИББ мындай аракеттер жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирип, олуттуу кесепеттерге алып келерин эскертет. Бейбаштык аракеттер үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилиги каралган.