Ош шаарынын борборуна 95 метрлик жаңы желек сап орнотулат
Ош шаарынын борборуна 95 метрлик жаңы желек сап орнотулат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Ош шаарын өнүктүрүү жана мамлекеттик символдорду даңазалоо иштеринин алкагында калаанын архитектуралык көркүн жаңы деңгээлге чыгаруу максатында учурдагы 45 метрлик желек саптын ордуна 95 метрлик жаңы желек сап орнотуу чечими кабыл алынды.
