Садыр Жапаров Непалдын президенти Рам Чандра Пауделге көңүл айтты
Сүрөт ачык булактардан алынды
28 август

Садыр Жапаров Непалдын президенти Рам Чандра Пауделге көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Непалда сел жүрүп, адамдардын каза болгондугуна байланыштуу Непалдын президенти Рам Чандра Пауделге көңүл айтуу телеграммасын жолдоду.

“Непалдын чек ара аймактарында селдин кесепетинен ири кыйроолор болуп, көптөгөн адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына жеке өзүмдүн жана Кыргыз Республикасынын элинин атынан көңүл айтып аза кайгысын тең бөлүшөм, бардык жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм”, - деп айтылат телеграммада.