Манас шаарында кубаттуулугу 40 МВт ЖЭБ куруу долбоору талкууланды
Сүрөт ачык булактардан алынды
5 август

Манас шаарында кубаттуулугу 40 МВт ЖЭБ куруу долбоору талкууланды

Манас шаарынын мэри Уларбек Исмаилов Кытай Эл Республикасынын Harbin Hongguang Boiler Group компаниясынын жетекчиси Сюй Янь баштаган делегацияны кабыл алды. 

Мэриядан кабарлашкандай, жолугушууда Манас шаарына заманбап жылуулук электр борборун (ЖЭБ) куруу боюнча инвестициялык долбоор талкууланды.

Долбоорго ылайык, жаңы ЖЭБ экологиялык талаптарга жооп берген заманбап технологиялар менен жабдылып, шаарды жылуулук энергиясы жана ысык суу менен камсыз кылууга багытталат.

Планга ылайык, ЖЭБ 40 МВт жылуулук энергиясын өндүрүп, шаар тургундарын жылуулук жана ысык суу менен камсыз кылат. Ошондой эле 15 МВт электр энергиясын өндүрүү мүмкүнчүлүгү каралууда.

Мындан тышкары, Көк-Арт, Достук жана Спутник аймактарын борборлоштурулган жылуулук системасына кошуу пландалууда.