Ош ОИИБ
1 июль
Алай районунда мыйзамсыз курал жүгүртүүгө шектелген жарандар кармалды
Алай районунда мыйзамсыз курал жүгүртүүгө шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан кабарлашты.
Текшерүү учурунда алардын жанынан тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок "ТОЗ-11" жана "ТОЗ-8" үлгүсүндөгү ок атуучу куралдар табылган.
Бул факт мыйзамда белгиленген тартипте каттоого алынып, сотко чейинки текшерүү иштери башталган.
Текшерүүнүн алкагында алынган куралдарга соттук-баллистикалык экспертиза дайындалган.
Кылмыш жаза кодексинин 267-беренеси (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары 57 жаштагы Ш.О., жана 56 жаштагы К.Т., аттуу жарандар шектүү катары айыбы угузулуп, соттук кароого жиберилди.
