Манаста мэриянын алдында түкүргөн блогер үч суткага камалды
видеодон алынган кадр
5 август

Манаста мэриянын алдында түкүргөн блогер үч суткага камалды

Манаста мэриянын алдында түкүргөн блогердин видеосу тараган. 

Аталган факты боюнча Манас шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан жаран А.М. аныкталып, укук бузуулар жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайык тиешелүү материалдар топтолгон.

Топтолгон материалдардын негизинде Манас шаардык соту тарабынан А.М. аттуу жаранга карата 3 суткага камакка алуу түрүндөгү жаза чарасы колдонулду.

Ошондой эле, А.М. өзүнүн жасаган аракетине өкүнөрүн билдирип, коомчулуктан кечирим сурады.

Жалал-Абад ОИИБи жарандарды коомдук жайларда жүрүм-турум эрежелерин сактоого жана коомдук тартипти бузбоого чакырат.