«Канал-Янтарь жээги» операциясы: Ош облусунда баңгизаттарды сатуу каналына бөгөт коюлду
«Канал-Янтарь жээги» эл аралык баңгизатка каршы операциясынын алкагында Ош облусунун аймагында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан «Daewoo Tico» үлгүсүндөгү автоунаа токтотулган.
Автоунааны тинтүү учурунда 1971-жылы туулган С.А.Ш. аттуу жарандын жанынан жалпы салмагы 400 граммды түзгөн, фольгага оролгон ооган гашишинин үч таңгагы табылып, алынган. Андан соң анын жашаган жеринде жүргүзүлгөн тинтүүдө кошумча 2 грамм ооган гашиши жана мыйзамсыз ишмердүүлүктөн алынган деп болжолдонгон 7 900 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражаты алынган.
Андан аркы ыкчам иш-чаралардын натыйжасында кармалган жарандын шериги катары 1973-жылы туулган Х.Д.Ш. аттуу жаран аныкталган. Анын жашаган жеринде жүргүзүлгөн тинтүүдө дагы 492 грамм ооган гашиши табылып, алынган.
Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголду.
Алынган баңгизаттын жалпы салмагы 894 граммды түздү. Аларга карата соттук-химиялык экспертиза дайындалды.
Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тергөө жана ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.
