Ат-башылык тургун бир топ жарандын малын сатып, акчасын өз кызыкчылыгына жумшаган
5 август

Ат-башылык тургун бир топ жарандын малын сатып, акчасын өз кызыкчылыгына жумшаган

Ат-Башы районунда өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүү жаран аныкталды, деп билдирет Нарын облустук милициясынын маалымат кызматы. 

Маалыматка ылайык, Ат-Башы РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө жана тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө мал сатып алуу шылтоосу менен бир нече жаранды алдап, өзгөчө ири өлчөмдө материалдык зыян келтирүүгө шектелген жаран аныкталды.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, Ат-Башы айылынын 1990-жылы туулган тургуну Д.Д. 2026-жылдын январь–апрель айлары аралыгында бир нече жарандын ишенимине кирип, алардын тайларын, торпокторун жана койлорун Ысык-Көл облусуна багууга же бордоп семиртип сатып, акчасын кайтарып берем деген жүйө менен алып кеткен.

Бирок алынган малдар Чүй облусунун Токмок шаарындагы мал базарында башка адамдарга сатылып, түшкөн акча каражаттары өз кызыкчылыгына жумшалганы аныкталган.

Аталган фактылар боюнча Ат-Башы РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен өз-өзүнчө кылмыш иштери козголуп, сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүүдө.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча жабырлануучуларга келтирилген жалпы материалдык зыян 4 миллион 115 миң сомду түзгөн.

Учурда кылмыш иштери боюнча бардык жагдайларды аныктоого багытталган тергөө жана ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.