Бишкекте Түрк тилдүү мамлекеттердин Жасалма интеллектиси боюнча саммити болуп өтөт
21 сентябрь

Бишкекте Түрк тилдүү мамлекеттердин Жасалма интеллектиси боюнча саммити болуп өтөт

Бул эки күндүк иш-чара түрк тилдүү жана Борбор Азия өлкөлөрдүн алдыңкы серепчилерин, мамлекеттик органдарынын, бизнес жана Маалыматтык технологиялар коомчулугунун өкүлдөрүн бириктире турган эки күндүк иш-чара.

Саммитке Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркия өлкөлөрү катышса, Түркмөнстан менен Мажарстан (Венгрия) байкоочу статусунда.

Күн тартипте:

  • Түрк дүйнөсүндөгү Жасалма интеллектисин өнүктүрүү стратегиясы.
  • Мамлекеттик башкарууда жана бизнесте Жасалма интеллектисин киргизүү.
  • Түрк тилдерди Жасалма интеллектиси аркылуу сактап калуу.
  • Стартаптарга инвестицияларды тартуу.
  • Жасалма интеллектиси жаатындагы этикалык жана укуктук маселелерди чечүү. .
  • Бул иш-чара стартаптар, жеке ишкерлер жана серепчилер үчүн Жасалма интеллектисиндеги акыркы жаңылыктар менен таанышуу жана өнөктөш, инвесторлорду издөөгө өбөлгө түзөт.