Ошто узундугу 740 метрлик Алиев көчөсү пайдаланууга берилди
3 сентябрь

Ошто узундугу 740 метрлик Алиев көчөсү пайдаланууга берилди

Ош шаарындагы кеңейтилип, оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн Э. Алиев көчөсү 3-сентябрда пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Көчөнүн ачылышына мэр Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин депутаттары жана жергиликтүү жашоочулар катышты.

Узундугу 740 метрди түзгөн көчөгө шаар бюджетинен бөлүнгөн каражаттын эсебинен асфальт төшөлүп, жолдун эки жагына тротуар салынды жана суу кетирүүчү лотоктор орнотулду.