Таласта аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көмүр таратылды
27 сентябрь

Таласта аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көмүр таратылды

Талас шаардык мэриясы жана шаардык кеңеши тарабынан социалдык колдоого муктаж жарандарга кышка карата көмүр берилди .

Талас мэриясынан кабарлашкандай, жалпы 43 аз камсыз болгон үй-бүлөгө 17,5 тонна көмүр таратылды.

"Айрым жарандар көмүрдү өздөрү алып кетишти. Ал эми мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөлөргө муниципалдык ишканалардын кызматкерлери тарабынан көмүр түз үйлөрүнө чейин жеткирип берилди", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бул жардам Талас шаарындагы аярлуу үй-бүлөлөрдү камкордукка алып, кышка болгон даярдыктарына көмөктөшүү максатында ишке ашырылды.