Депутат Сагынаев МИК куруп жаткан үйлөрдүн цоколдук кабатын окуу жана спорт борборлоруна айлантууну сунуштады
Жогорку Кеңеш
19 март

Депутат Сагынаев МИК куруп жаткан үйлөрдүн цоколдук кабатын окуу жана спорт борборлоруна айлантууну сунуштады

Депутат Болот Сагынаев аймактагы жаштардын ар кандай окуу курстарына жана спорттук ийримдерге жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн сунушун жолдоду. 

Ал учурда президент Садыр Жапаров жүргүзүп жаткан социалдык программанын алкагында, жарандарды турак жай менен камсыз кылуу үчүн Мамлекеттик ипотекалык компания көп кабаттуу үйлөрдү өлкөнүн ар кайсы аймактарына куруп жатканын эске салды. 

“Ушул үйлөрдүн цоколдук кабаттарын коммерциялык эмес, социалдык багытта пайдалансак. Анткени учурда аймактарда билим берүү, маданият жана спорт тармагын өнүктүрүүгө имараттар жетишсиз. Цоколдук кабаттарды муниципалдык баланска өткөрүп, анан аны Маданият министрлиги, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги сыяктуу мекемелердин пайдалануусуна берүү керек”, – деди депутат. 

Сагынаевдин айтымында, балдар жана жаштар үчүн билим берүү борборлорун, окуу курстарын ачуу, ошону менен катар тогуз коргоол сыяктуу унутулуп бараткан улуттук оюндар клубун түптөө, өсүп келаткан муун үчүн инфраструктуранын түзүлүшүн шарттайт.

Ошондой эле, айрыкча аймактарга жаштар ар кандай ийримдерге катышуу мүмкүнчүлүгүн алат.