Бурса шаарында кыргыз-түрк кызматташтыгынын келечеги талкууланды
3 сентябрь

Бурса шаарында кыргыз-түрк кызматташтыгынын келечеги талкууланды

Бурса шаарына болгон иш сапарынын алкагында Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев 1-сентябрда Бурса провинциясынын губернатору Эрол Аййылдыз, Миграция башкармалыгынын жетекчиси Хашим Өзжан жана Бурса шаарынын мэри Мустафа Бозбей менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМ кабарлайт. 

Жолугушууларда тараптар эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну өнүктүрүү перспективаларын, ошондой эле Бурса провинциясында жашап жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелерин талкуулады.

Мындан тышкары, өз ара кызматташтыкты бекемдөө жана практикалык алакаларды өнүктүрүү максатында Бурса провинциясы менен шаарынын Кыргызстандагы аймактар жана шаарлар менен боордоштук байланыштарды орнотуунун зарылдыгы белгиленди.


Маалымат үчүн: Бурса шаары – Түркиянын түндүк-батышындагы ири шаар, Стамбул, Анкара жана Измирден кийинки төртүнчү ири калаа жана ошол эле аталыштагы провинциянын административдик борбору. 2025-жылга карата Бурса шаарынын калкы 3,271 миллион адамды түзөт.