Чүй облусунда топуракка инженердик-геологиялык изилдөө иштери жүргүзүлдү
24 июль

Чүй облусунда топуракка инженердик-геологиялык изилдөө иштери жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Инженердик изилдөөлөр департаментинин адистери Чүй облусу, Аламүдүн районунун Молдовановка айылындагы беш кабаттуу административдик имарат куруу пландалып жаткан жер тилкесинде комплекстүү инженердик-геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүштү.

Анын алкагында топурактын геологиялык түзүлүшүн, көтөрүмдүүлүгүн жана физикалык мүнөздөмөлөрүн аныктоого мүмкүндүк берген статикалык зонддоо ыкмасы колдонулду. Изилдөө учурунда атайын зонд топуракка белгиленген ылдамдыкта киргизилип, анын ар кандай тереңдиктеги каршылыгы өлчөнөт. Алынган маалыматтардын негизинде адистер топурактын катмарларынын өзгөчөлүктөрүн аныкташат.

Мындан тышкары, инженердик-геологиялык изилдөө үчүн 10 метр тереңдикке чейин бургулоо иштери жүргүзүлүп, топурактын үлгүлөрү алынды. Алынган үлгүлөр сыноо лабораториясына жөнөтүлүп, анда топурактын физикалык-механикалык касиеттери аныкталат.

Белгилей кетсек, инженердик-геологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы объектти курууда долбоордук чечимдерди кабыл алууга негиз болуп, анын ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылууга өбөлгө түзөт.