Съездбек Таштакеев: «Шахмат балага ойлонуп чечим кабыл алууну үйрөтөт»
Шахмат – жөн гана оюн эмес, адамды сабырдуулукка, тактыкка жана ойлонуп чечим кабыл алууга үйрөткөн интеллектуалдык спорт. Акыркы жылдары Кыргызстанда бул оюнга кызыккан балдардын саны өсүп, шахматты өнүктүрүүгө мамлекеттик деңгээлде да көңүл бурула баштады. Бул багытта көп жылдан бери жаш шахматчыларды тарбиялап келе жаткан машыктыруучу Съездбек Таштакеев менен шахматтын бала тарбиясындагы орду жана бул спорттун келечеги тууралуу баарлаштык.
– Съездбек мырза, шахматтын бала үчүн эң чоң пайдасы эмнеде?
– Шахмат биринчи кезекте баланы ойлонууга үйрөтөт. Тактада ар бир жүрүштү алдын ала талдап, анын кийинки кадамын эсептеш керек. Шашып чечим кабыл алсаң, дароо жыйынтыгын көрөсүң. Ошондуктан шахмат баланын логикалык ой жүгүртүүсүн, эс тутумун, көңүлүн топтоо жөндөмүн өнүктүрөт. Мындан тышкары, сабырдуу болууга жана өз чечими үчүн жооп берүүгө үйрөтөт.
– Шахматты бала канча жашынан баштаганы жакшы?
– 5–6 жаштан баштаса болот. Бирок бул ар бир баланын кабыл алуусуна жараша болот. Кээ бир балдар эрте кызыгат, айрымдары чоңойгондо маани берет. Эң негизгиси – баланы мажбурлабоо. Шахматка кызыгуу болсо, бала өзү изденип, бат өсөт.
– Шахматты үйрөнүү кыйынбы?
– Негизги эрежелерин бир нече айда эле үйрөнүп алса болот. Бирок күчтүү шахматчы болуу үчүн жылдар бою эмгектенүү керек. Шахматта «үйрөнүп бүттүм» деген чек жок. Ар бир оюндан жаңы нерсе табасың. Күчтүү оюнчулар да өз партияларын талдап, каталарын оңдоп турушат.
– Шахматта жеңишке жетүү үчүн талант маанилүүбү же эмгекпи?
– Экөө тең керек, бирок эмгек биринчи орунда турат деп ойлойм. Таланттуу бала машыкпаса, өсүшү кыйын. Ал эми жөндөмү орточо көрүнгөн бала тынымсыз эмгектенип, күчтүү шахматчы болуп чыгышы мүмкүн. Шахматта туруктуулук абдан маанилүү. Күн сайын машыгуу керек.
– Ал эми жеңилүү балага кандай таасир берет?
– Шахматта жеңилүү да сабак. Бала утулганда: «Эмнеден ката кетирдим?» – деп өзүнө суроо бериши керек. Катаңды түшүнсөң, кийинки оюнда аны кайталабайсың. Ошондуктан балдарды утулуудан коркпоого үйрөтүш керек. Ар бир жеңилүү – тажрыйба.
– Ата-энелерге кандай кеңеш берет элеңиз?
– Баланын шахматка болгон кызыгуусун колдошсун. Бирок аны дайыма жеңишке гана түртө бербеш керек. «Сен сөзсүз чемпион болушуң керек» деген басым, тескерисинче, баланын кызыгуусун өчүрүшү мүмкүн. Бала шахматтан ырахат алса, жыйынтык акырындык менен келет.
– Кыргызстанда шахматты өнүктүрүү үчүн азыр эмнеге көбүрөөк көңүл буруу зарыл?
– Эң биринчи балдарга шарт түзүү керек. Айрыкча аймактарда шахмат ийримдерин көбөйтүп, машыктыруучуларды даярдоо зарыл. Бизде шахматка кызыккан таланттуу балдар көп. Алардын баарын таап, туура багыт берип, күчтүү мелдештерге катышууга мүмкүнчүлүк түзүлсө, жыйынтык да жакшы болот.
Мамлекеттин бул спортко көңүл буруп жатканы туура чечим. Шахматка салынган эмгек – баланын келечегине салынган эмгек деп эсептейм.
– Жаш шахматчыларга кандай кеңеш бересиз?
– Шашпагыла, көп окугула, көп ойноңуздар жана жеңилүүдөн коркпогула. Шахматта да, жашоодо да туура чечим кабыл алуу үчүн сабыр керек. Эң негизгиси – аракетти токтотпоо.
– Биз билгендей, сиздин үй-бүлө көп жылдан бери жаш шахматчыларды тарбиялап келет, балдарыңыз мелдештерде өлкө намысын коргоп жүрүшөт. Көп жылдык мээнетиңиздердин акыбети кайтып, мамлекеттен кандайдыр бир колдоо алып жатасыздарбы? Бүгүн жалпы канча балаңыз шахмат ойнойт?
– Биздин үй-бүлөнү шахматчылардын үй-бүлөсү дешет. Биздин беш эркек, төрт кызыбыз бар. Тогузу тең шахмат менен машыгат, байгелүү орундардын ээлери.
Уулум Руслан Азиянын төрт жолку чемпиону, кызым Айжан Азиянын алты жолку жеңүүчүсү жана Кыргызстандын шахмат тарыхында классикалык шахматтан алгачкы алтын байгени сегиз жашында багындырган. Кызым азыр 15ке чыкты.
Балдарым күндө машыгат, алдыда жаңы жеңиштерди багындырабыз деген ишенимдери чоң. Апасы экөөбүз колдоп, тарбиябызды берип келатабыз.
Ооба, мамлекеттен айрым колдоолор көрсөтүлүп келет. Бирок шахматка башка спорттун түрлөрүндөй эле колдоо, каржылоо көбөйсө, жаштарга дагы да дем болмок. Айрым шахматчылар каржынын тартыштыгынан эл аралык мелдештерге катыша албай калышат.
Жакында Кыргызстандын Шахмат союзуна жаңы, билимдүү, тажрыйбалуу жетекчи келди. Эми шахматта жаңы иштер болоруна ишеним чоң.
