Баткен шаардык мэриясына 12,6 млн сомдук үч техника тапшырылды
Баткен шаардык мэриясына техникалар тапшырылды, деп билдирет президенттин облустагы өкүлчүлүгү.
Маалыматка ылайык, техникаларды сатып алуу үчүн Баткен облусун өнүктүрүү фондунан 8 млн сом, жергиликтүү бюджеттен 4 млн 692 миң 255 сом каржыланган.
Үч техниканын жалпы баасы 12 млн 692 миң 255 сомду түздү.
Асфальт тазалап-жуучу автоунаа
Бул техника – шаарда жолдорду жана көчөлөрдү механикалык тазалоо, чаңды басуу, суу чачуу, муниципалдык жана коммуналдык камсыздоо кызматтарын аткарууга ылайыктуу.
- Эвакуатор-манипулятор автоунаа
Бул техника –бузулган же жүрбөй калган техникаларды ташуу, атайын уналарды жүктөө, көтөрүү, шаар ичинде жана трассаларда кызмат аткарууга ылайыктуу.
- Самосвал Хово 10 тонналык унаа
Бул техника курулуш материалдарын ташуу (кум, шагыл, топурак) өндүрүш жана карьер иштеринде колдонууда кызмат аткарууга ылайыктуу.
