"Бандит" алдын алуу иш-чарасы: Ош облусунда бир топ кылмыштардын бети ачылды
Ош облусунун аймагында “Бандит” аталышындагы ыкчам-профилактикалык иш-чара өткөрүлдү, - деп кабарлайт облустук милициянын басма сөз кызматы.
Анын жүрүшүндө бир топ алдамчылык фактылары аныкталып, аларга карата КР Кылмыш-жаза кодексинин негизинде кылмыш иши козголду.
Кылмышка шектүү жарандар тергөө кызматына жеткирилип, суракка алынып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Андан сырткары, кызматкерлер оор жана өзгөчө оор кылмыштардын бетин ачуу, кылмыштуу топтордун мыйзамсыз аракеттерин аныктоо жана алдын алуу максатында мурда сот жообуна тартылган, учурда дагы кылмыштуу аракеттерге баруусу мүмкүн болгон, ыкчам кызыкчылыкты жараткан атуулдар менен профилактикалык иш-чараларды алып барышты.
Алардын ар бир шек жараткан аракеттери катуу көзөмөлгө алынары эскертилип, мыйзамдуулукту бузгандыгы аныкталса, мыйзамдын негизинде катуу чаралар көрүлөрү түшүндүрүлдү.
