ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесине жаңы башчы дайындалды 
3 сентябрь

ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесине жаңы башчы дайындалды 

Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев 3-сентябрда жаңы дайындалган ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Фолькер Фробарт менен анын кызматка дайындалышы боюнча жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.

Кыргыз тарап Ф.Фробартты Кыргызстандагы ишин баштаганы менен куттуктап, ЕККУ менен мындан ары да жемиштүү жана конструктивдүү кызматташууну чыңдоого ишенимин билдирди. Ошондой эле ийгиликтүү өз ара аракеттенүү үчүн негизги багыттар белгиленди.

Жолугушуу маалында тараптар Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсесинин ишмердигин талкуулап, долбоордук ишмердикти Консультациялык механизмдин алкагында улуттук приоритеттерге шайкеш жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Өзгөчө көңүл ЕККУнун үч чөйрөсүндө кызматташууга бурулду. Алардын катарында укук коргоо жана чек ара органдарынын потенциалын жогорулатуу, «жашыл экономика» демилгесин илгерилетүү, мыйзам үстөмдүгүн камсыздоо жана адам укуктарын коргоо маселелери камтылды.

Өз кезегинде, Ф.Фробарт Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен натыйжалуу кызматташууга даяр экендигин билдирди жана кыргыз тарапты биргелешкен долбоорлорду жана демилгелерди ийгиликтүү ишке ашыруу боюнча берилгендиктигине ишендирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташууга берилгендигин дагы бир жолу тастыктап, Кыргыз Республикасы үчүн олуттуу натыйжаларга жетишүү боюнча чогуу иштөөгө даярдыгын билдиришти.