«Чакан ГЭС» ААКнын 3-ГЭСинде №1 гидроагрегаттын капиталдык оңдоосу ийгиликтүү аяктады
24 июль

«Чакан ГЭС» ААКнын 3-ГЭСинде №1 гидроагрегаттын капиталдык оңдоосу ийгиликтүү аяктады

«Чакан ГЭС» ААК күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иш-чараларынын алкагында гидроэлектр станцияларында ишенимдүү жана үзгүлтүксүз иштөөнү камсыздоого багытталган бекитилген оңдоо кампаниясын ырааттуу ишке ашырууда.

Утурумдук жана капиталдык оңдоо иштери жай мезгилинде, сугат мезгилине байланыштуу суунун көлөмү азайган учурда жүргүзүлөт. Мындай ыкма суу ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга, суунун куру кетишин минималдаштырууга жана өндүрүштүк пландын аткарылышын камсыздоого мүмкүндүк берет.

Жума ичинде «Чакан ГЭС» ААКнын 3-ГЭСинде №1 гидроагрегаттын капиталдык оңдоосу ийгиликтүү аяктады. Капиталдык оңдоо иштеринин аткарууга «Чакан ГЭС» ААКнын турбиналык участогу, электротехникалык участогу, электротехникалык лабораториянын адситери жана четтен адистештирилген компания тартылды.  

Капиталдык оңдоонун жүрүшүндө гидроагрегат толугу менен ажыратылып, негизги түйүндөрү жана механизмдери текшерүүдөн өткөрүлдү. Эскилиги жеткен тетиктер алмаштырылып, зарыл болгон калыбына келтирүү жана жөнгө салуу иштери аткарылды.

Капиталдык оңдоонун негизги максаты – жабдуулардын ишенимдүү жана коопсуз иштешин камсыз кылуу, мүмкүн болгон кемчиликтерди өз убагында аныктап жоюу жана гидроагрегаттын кызмат өтөө мөөнөтүн узартуу болуп саналат.

Эске салсак, 2026-жылга карата бекитилген оңдоо планына ылайык «Чакан ГЭС» ААК боюнча төмөнкү гидроагрегаттарда капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү каралган:

- ГЭС-3 – №1 гидроагрегат;

- ГЭС-4 – №1 гидроагрегат;

- ГЭС-5 – №2 гидроагрегат;

- ГЭС-6 – №2 гидроагрегат.

Мындан тышкары, быйылкы жылдын эсебинен Быстровка ГЭСинин №2 гидроагрегатында жана ГЭС-1дин №1 гидроагрегатында орточо оңдоо иштерин жүргүзүү пландалган.

Бүгүнкү күнгө карата ГЭС-3төгү №1 гидроагрегаттын жана ГЭС-6дагы №2 гидроагрегаттын капиталдык оңдоосу, ошондой эле Быстровка ГЭСиндеги №2 гидроагрегаттын орточо оңдоосу толугу менен аяктады.

«Чакан ГЭС» ААК бекитилген графикке ылайык оңдоо кампаниясын ырааттуу улантууда. Пландалган иш-чаралардын өз убагында аткарылышы күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүүгө даярдык көрүүнүн маанилүү бөлүгү болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын энергетикалык системасынын ишенимдүүлүгүн, коопсуздугун жана туруктуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.