Орозо айт намазы Бишкектеги эски аянтта окулат
Орозо айт намазы эртең, 20-мартта Бишкектеги Турдакун Усубалиев атындагы аянтта (эски аянт) окула турган болду. Бул тууралуу муфтияттын кабарлашты.
Мындай чечим шаар тургундары жана конокторунун суранычы, КР президентинин колдоосу менен кабыл алынган.
Айт намаздын программасы:
- 07:00 – 07:30 – Куран окуу
- 07:30 – 07:40 – Модератор Шүкүр ажы Исмаилов
- 07:40 – 08:10 – Диний баяндар; Бакыт ажы Кайкиев, Жолдошбек ажы Абдылдаев
- 08:10 – 08:30 – Азирети Муфтийдин сөзү: Айт намазын окуу тартиби жана эрежелери
- 08:20 – 08:30 – Сапан-сап айтуу
- 08:30 – 08:50 – Айт намазын окуу жана майрамдык дуба кылуу.
Ал эми аймактарда орозо айт намазы жума мечиттерде окулат. Региондордогу жалпы айттык программа:
- 07:30 – 08:00 – Куран окуу;
- 08:00 – 08:25 – Диний баяндар;
- 08:25 – 08:30 – Айт намазын окуу тартиби жана эрежелери боюнча түшүндүрмө берүү;
- 08:30 – Айт намазын окуу.
Эскертүү: Тоолуу аймактардын өзгөчөлүгүнө байланыштуу, жогоруда көрсөтүлгөн убактардан бир аз айырмаланышына (жергиликтүү шарттарга жараша) уруксат берилет.
