Конституциялык соттун судьясы Латип Жумабаев дүйнөдөн кайтты 
14 июнь

Конституциялык соттун судьясы Латип Жумабаев дүйнөдөн кайтты 

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын эмгек сиңирген ардагери, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи Жумабаев Латип Пазылович 14-июнда дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Латип Пазылович 1956-жылдын 10-июнунда Ош областынын Өзгөн районуна караштуу Кароол айылында туулган. Ал 1985-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин ийгиликтүү аяктап, ошол эле жылы прокуратура органдарындагы татыктуу жана үзүрлүү эмгек жолун баштаган.

Өзүнүн кесиптик өмүрүндө ал ар түрдүү деңгээлдеги жооптуу кызматтарды аркалап, Жаңы-Жол, Ысык-Ата, Ак-Суу, Аламүдүн, Баткен, Кара-Суу, Ош, Бишкек жана башка райондор менен шаарларда прокурор, тергөө бөлүмдөрүнүн жетекчиси, областын прокурорунун орун басары, областтын прокурору болуп иштеген. Ал прокуратура системасында талыкпастан 30 жылдан ашык кызмат өтөп, мамлекеттик кызыкчылыкты жана мыйзамдуулукту коргоого өз өмүрүн арнады.

Мыйзамдуулукка берилгендик, принципиалдуулук жана кесипкөйлүк – дал ушул сапаттар менен Латип Пазылович кесиптештеринин жана коомчулуктун терең урмат-сыйына ээ болгон. Прокуратурадагы үзүрлүү эмгеги жогору бааланып, ал Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы жана Башкы прокуратуранын “Таш Кудайбергенов” медалы менен сыйланган. 2019-жылы ал Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасында туруктуу өкүл, кийинчерээк – судья болуп дайындалып, өзүнүн кесиптик билимин жана тажрыйбасын сот системасында да уланткан.

Адамгерчиликтүү, терең билимдүү, кыраакы жана жогорку моралдык сапаттарга ээ инсан катары Латип Пазыловичтин орду кесиптештери, дос-жолдоштору жана жалпы юридикалык коомчулук үчүн орду толгус жоготуу болуп калды.