Алай районунун төрт айылы таза суу менен камсыз болду
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
28 август

Алай районунун төрт айылы таза суу менен камсыз болду

Алай районунун Гүлчө айыл аймагына караштуу Октябрь, Кум-Шоро, Кара-Суу жана Кенжебай айылдарында таза ичүүчү суу менен камсыздоо тутумунун курулушу аяктоо алдында.

Суу ресурстары министрлигинен кабарлашкандай, төшөлгөн ички жана магистралдык суу түтүктөрүнүн жалпы узундугу 24 чакырымды түзөт. 

Көлөмү 50 м³ болгон 2 резервуар жана 100 м³ болгон 1 резервуар курулду. Ошондой эле су басымын туруктуу кармап туруу жана сууну үзгүлтүксүз берүү үчүн зарыл болгон инженердик иштер аткарылды.

Учурда аталган төрт айылдын тургундары таза ичүүчү суу менен камсыз болуп, суу түтүктөрүн турак үйлөргө киргизүү иштери улантылууда.

Калган курулуш иштерин бүткөрүү жана системаны толук пайдаланууга берүү боюнча иштер жүрүп жатат.