"Киши өлтүрүү" фактысы боюнча кылмыш иши ачылып, шектүү кармалды
30 март

"Киши өлтүрүү" фактысы боюнча кылмыш иши ачылып, шектүү кармалды

2014-жылдын 24-май күнү Нарын районунун Эмгек-Талаа айылынын тургуну, 1976-жылы туулган Н.А. үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келбей калгандыгы тууралуу анын бир тууганы тарабынан арыз менен кайрылуу түшкөн.

Аталган факт боюнча тиешелүү тартипте издөө иштери башталып, кылмыш иши козголгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 2014-жылдын 24-майынан 25-майына караган түнү маркум менен анын жакын тууганынын ортосунда мурдагы үй-бүлөлүк чыр-чатактардан улам жаңжал чыгып, ал мушташка айланып кеткен. Жаңжал учурунда Н.А. оор жаракат алып, андан соң Нарын дарыясына ыргытылганы аныкталган.

Нарын ОИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмү тарабынан бул кылмышка шектүү катары Нарын районунун тургуну 1986-жылы туулган К.М экендиги аныкталып , Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 122-беренесинин 2- бөлүгү (Адам өлтүрүү) менен айыбы угузулуп, камакка алынды.

Нарын облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан окуянын бардык жагдайларын толук жана объективдүү аныктоо боюнча иштер улантылып, мыйзам чегинде тиешелүү чечимдер кабыл алынат.