
Бишкекте Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидер айымдарынын диалогу өтөт
Бишкекте 3-4-октябрда Борбор Азия өлкөлөрүнүн аялдар диалогунун форуму өткөрүлөт.
Иш-чаранын максаты – «Аялдар, тынчтык жана коопсуздук» күн тартибин ишке ашыруу, ошону менен бирге Борбор Азия регионунда тынчтыкты жана коопсуздукту бекемдөө үчүн аймактык кызматташтыкты чыңдоо.
Форумга КР Жогорку Кеңешинин депутаттары, ошондой эле Казакстандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын жана Тажикстандын парламенттеринин депутаттары, эл аралык уюмдардын, дипломатиялык корпустун, жарандык коомдун өкүлдөрү катышат.
Отурумдун алкагында айымдардын тынчтыкты жана аймактык кызматташтыкты чыңдоого кошкон салымын жана катышуусун талкуулоо үчүн жогорку деңгээлдеги диалогдук платформа сунушталат. Муну менен катар аялдардын климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо процесстерине, тынчтыкты бекемдөөгө, кызматташууга жана туруктуу өнүгүүгө катышуусун камсыздоо үчүн зарыл чараларды иштеп чыгуу пландаштырылууда.