Президенттин администрациясы "Томми молл" соода борбору боюнча териштирүү иштерин баштады
30 март

Президенттин администрациясы "Томми молл" соода борбору боюнча териштирүү иштерин баштады

Президенттин администрациясы ишкер Шаршенбек Абдыкеримовдун "Томми молл" соода борборуна байланыштуу жасаган кайрылуусу боюнча тиешелүү текшерүү иштерин баштады. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Анын айтымына караганда, учурда кайрылууда көрсөтүлгөн фактылар кылдат изилденүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин ишкер Шаршенбек Абдыкеримов президент Садыр Жапаровго расмий кайрылып, Бишкектеги "Томми молл" соода борборунун айланасындагы кырдаалды иликтөөнү суранган. Ишкер өз кайрылуусунда объекттин баасы өтө төмөн бааланганын жана ал УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин жубайына тиешеси бар адамдарга өткөнүн айтып чыккан.

Ал эми Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев бул маалыматтарды четке кагып, чындыкка дал келбей турганын билдирген.