
Бишкек мэриясы шаар тургундарын ишембиликке чакырат
Бишкек мэриясы шаар тургундарын ишембиликке чакырат, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.
Маалыматта айтылгандай, ушул ишембиде, 14-сентябрда борбор калаада күзгү жалпы шаардык ишембилик өтөт.
"Көчөлөрүбүздү, короолорубузду, сейил бактарыбызды тазалайбыз", - деп айтылат билдирүүдө.
Иш-чара салтка айланган 15-сентябрь Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата өткөрүлөт. Дал ушул күнү дээрлик бардыгы ишембиликке чыгышат.
Ишембиликте бөлүнгөн жана чектеш аймактардагы ирригациялык тармактарды, чарбакер субъекттердин, үйлөрдүн жанындагы жана жанаша аймактарын, ошондой эле шаардык парктарды жана скверлерди тазалоого өзгөчө көңүл бурулат.
Мындан тышкары, 2024-жылдын 21-сентябрында жалпы республикалык ишембилик өткөрүлөт.
Мэрия шаар тургундарын жалпы шаардык ишембиликке катышууга чакырат.