КР ИИМ башчысы Кытайдагы коомдук коопсуздук боюнча кызматташуу форумуна катышууда
9 сентябрь

КР ИИМ башчысы Кытайдагы коомдук коопсуздук боюнча кызматташуу форумуна катышууда

КР ички иштер министри Улан Ниязбеков Кытай Эл Республикасынын Коомдук коопсуздук министри Ван Сяохундун чакыруусу менен Кытайдын Ляньюньган шаарына коомдук коопсуздук жаатындагы кызматташтык форумуна катышуу үчүн келди. 

КР ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, ага башка мамлекеттердин ички иштер министрликтеринин жана полициясынын жетекчилери катышууда.

Аталган форумдун алкагында ИИМдин башчысынын башка мамлекеттердин укук коргоо органдарынын жетекчилери менен эки тараптуу жолугушуулары мерчемделген.

Жумушчу сапардын алкагында Улан Ниязбековдун коомдук коопсуздук жана ички иштер министрлеринин “Кытай – Борбордук Азия” форматындагы биринчи жыйынына катышуусу мерчемделген.