Көңүл буруңуздар! 7-апрель көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат
30 март

Көңүл буруңуздар! 7-апрель көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат

Бишкекте 2026-жылдын 31-март күнү саат 20:00дөн тартып 1-апрель саат 12:00гө чейин 7-апрель көчөсү Медеров көчөсүнөн Шоокум көчөсүнө чейинки аралык убактылуу жабылат.

Мэриядан кабарлашкандай, бул аралыкта жер үстүнөн өтүүчү өтмөктүн темир конструкцияларын орнотуу иштери жүргүзүлөт.

Мэрия буга байланыштуу бир нече автобусттук каттамдардын кыймыл-чиймеси да убактылуу өзгөртүлөөрүн маалымдайт.