Кыргызстан менен БУУ жол кырсыктарынан улам жаракат алууну азайтуу боюнча кызматташтыкты күчөтүүдө
Кыргызстандын маламаттык сактоо министри Дамир Осмонов расмий сапар менен Кыргызстанга келген Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысынын жол кыймылынын коопсуздугу боюнча атайын өкүлү Жан Тодт менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Жолугушууга ошондой эле БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын Атайын өкүлүнүн кеңсесинин, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлдөрү жана делегациянын башка мүчөлөрү катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жол-транспорт кырсыктарынан улам жаракат алуунун алдын алуу, жол кырсыгынан жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүү системасын өркүндөтүү, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугу жаатындагы ведомстволор аралык кызматташтыкты мындан ары чыңдоо маселелерин талкуулашты.
Өзгөчө көңүл жол-транспорт кырсыктары адамдардын өмүрүн алып кеткен, майыптыкка алып келген жана саламаттык сактоо системасына олуттуу жүк жараткан маанилүү медициналык-социалдык көйгөйлөрдүн бири бойдон калып жаткандыгына бурулду.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, жыл сайын медициналык уюмдар жол кырсыктарынан жабыркаган миңдеген адамдарга жардам көрсөтүшөт. Ошол эле учурда жаракат алуулардын, айрыкча эки дөңгөлөктүү транспорт каражаттарын пайдалануучулардын арасында өсүү тенденциясы сакталууда.
Жан Тодт жол кыймылынын коопсуздугу боюнча БУУнун эл аралык демилгелерин тааныштырып, жол кыймылынын катышуучуларын коргоого багытталган заманбап чечимдер, анын ичинде жаңы муундагы жеткиликтүү мотошлемди иштеп чыгуу, ошондой эле коопсуздук курун жана мотошлемди колдонуу, ылдамдык режимин сактоо жана мас абалында унаа башкаруудан баш тартууну жайылтууга багытталган глобалдык маалыматтык өнөктүктөр тууралуу айтып берди.
Мындан тышкары, 20–21-июлда Америка Кошмо Штаттарында өтө турган БУУнун Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча глобалдык конференциясына даярдык көрүү маселелери талкууланды. Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов аталган иш-чарага катышууга кызыкдар экенин билдирип, жол-транспорт жаракаттарынын алдын алуу боюнча эл аралык тажрыйба алмашуунун маанисин белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жолдордогу өлүмдөрдү жана жаракат алууларды азайтуу, алдын алуу программаларын өнүктүрүү жана жол кыймылынын коопсуздугу жаатындагы улуттук саясатты өркүндөтүү багытындагы кызматташууну мындан ары да улантууга даяр экендиктерин ырасташты.
