Бишкектин айрым аймактарында 30-сентябрда таза суу жок болот
28 сентябрь

Бишкектин айрым аймактарында 30-сентябрда таза суу жок болот

Бишкектин айрым аймактарында 30-сентябрда саат 9:00 - 15:00 чейин таза суу жок болот. Бул тууралуу «Бишкексууканал» ишканасы билдирет.

Өчүрүү району: Панфилов көчөсү, Манас пр., М. Фрунзе көчөсү – темир жол тилкемеси менен чектешкен аймакта суу өчүрүлөт.

Ичүүчү сууну өчүрүү «Тоголок Молдо» суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу.

«Бишкексууканал» МИси жаратылган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышыңарды суранат.