Кыргызстан менен Сент-Люсиянын ортосундагы кызматташтыктын келечектүү тармактары талкууланды
27 сентябрь

Кыргызстан менен Сент-Люсиянын ортосундагы кызматташтыктын келечектүү тармактары талкууланды

Кыргызстан менен Сент-Люсия Республикасынын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев жана Альва Романус Баптист жолукту. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.

Тараптардын жолугушуусу ушул жылдын 25-сентябрында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясынын алкагында Нью-Йорк шаарында өткөн.

Анда тараптар өз ара кызыгууну жараткан кызматташтыктын келечектүү тармактарын талкуулашты.

Министр Ж. Кулубаев Сент-Люсиянын тышкы иштер министри А.Баптисти расмий сапар менен Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Тараптар көп багыттуу форматта, айрыкча эл аралык уюмдардын алкагында кандидатураларды өз ара колдоо маселелери боюнча кызматташууну улантууга кызыкдар экенин билдиришти.