Аламүдүн районунда ок атуучу куралдар сакталган жашыруун жай табылды
26 сентябрь

Аламүдүн районунда ок атуучу куралдар сакталган жашыруун жай табылды

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Мойнок а/а, Прохладное айылынын тоолуу аймагына жакын жерде ок атуучу куралдар жана ок-дарылар сакталган жашыруун жай табылды.

УКМКдан кабарлашкандай, жашыруун жайдан табылган курал-жарактардын тизмеси:

  • 1 даана АКС-74 автоматы;
  • 1 даана ТТ үлгүсүндөгү тапанча;
  • 5,45 жана 7,62 калибрдеги ок-дарыларды камтыган 20 даана магазин.

Маалыматка ылайык, белгиленген ок атуучу куралдарды буга чейин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү өлкөдөгү саясий өзгөрүүлөр учурунда коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу максатында колдонушкан.

Учурда КР УКМК тарабынан ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды сактоого тиешеси бар адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу, ошондой эле куралдарды мурда жасалган кылмыштарда колдонуу фактыларын аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.